Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Баткен облусуКадамжай району 22.04.2019 14:35

Кадамжайда 3 айыл таза суу менен камсыз болду

Turmush -  20-апрелде Кадамжай районунун А.Орозбеков айыл өкмөтүндө 3 айыл таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысынын орун басары Элмира Аскарова билдирди.

Маалыматка караганда, Кара-Кечүү участкасы, Бостон, Гүзөр жана Жогесек айылдары таза суу менен камсыз болду. Ал үчүн 5 км 300 метр таза суу түтүгү тартылган.

Аталган жумушту аткарууга фонддордун бири 1 млн 100 миң сом бөлүп берди. Ал эми айыл өкмөттүн эсебинен 232 миң сом, эл тарабынан 300 миң сом каржыланган. Бул иштерди аткарууга айыл өкмөттүн өзүнүн баласындагы техникалар иштетилди. Бул курулуш 1 ай мурун башталып, учурда толук бүткөрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×