Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Баткен облусуБаткен району 22.04.2019 16:18 На русском

Айыл турмушу: Баткендик мугалим М.Мажитова кол өнөрчүлүк, чыгармачылык менен алектенет (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Рават айылындагы 42 жаштагы орус тилчи мугалим Максатай Мажитова балдарга билим берүүдөн сырткары, кол өнөрчүлүк менен да алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Бул өнөрдү окуучу кезимде эле чоң эжелерден үйрөнүп алгам. Бош убактымда кол өнөрчүлүк менен алектенем. Эргүү келгенде ыр жазам. Ар кандай майда шурулардан түркүн гүлдөрдү жасайм. Алгач кичине өлчөмдө жасачумун. Кийинчерээк чоң өлчөмгө өтө баштадым. Мончоктордон жасаган гүлдөрүмдүн баарын жакын адамдарыма белекке берем. Эч бирин акчага саткан жокмун. Ошону менен катар кыздардын себине берилүүчү саймаларды саям. Улуу кызымды турмушка узатып жатып, анын себине берилүүчү саймалардын баарын өзүм сайып чыктым. Өз колуң менен жасаган буюмуң балаң жана өзүң үчүн дагы өзгөчө болот экен», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле чыгармачылык менен да алектенип, ыр да жазат.

«Турмушта ар кандай учурлар болот экен. Кээде кубанасың, кээде кайгырасың дегендей. Ошол учурда ыр жазып калам», - деди ал.

Мугалим-чебер айым 5 баланын апасы.

Калемим

Калемим — жан сырдашым ынагым,

Кайгы муңда дайым бирге турарым.

Жүрөк сырым тамчысын да тамызбай,

Ыр саптарда тизип карап турарым.

- - -

Калемим — жан сырдашым ынагым,

Сырларымды көңүл коюп угарым.

Сагынганда ата-энемди алыстан,

Ыр саптарды замат таап турарым.

- - -

Калемим сен курбумсуң, курдашым,

Айтам сага түпкү жүрөк сырларым,

Терең чарчап капалансам кез-кезде,

Сенсиң менин чер жазарым кумарым.

Менин энем

Энелердин мээрими күч теңегиз,

Эне сүтү акчага да берилгис.

Жарык күнүң караңгыдай сезилет,

Элестетсем бул жашоону энесиз.

- - -

Алтынга да алмаштыргыс мээнетиң,

Айта кетсең сөз табылгыс эне тил.

Уйку көрбөй бооруна бек кысып,

Көз ирмебей көтөргөнүн сезе бил.

- - -

Эне болдум эми билдим кадырың,

Жылмайганың бизге берген жарыгын.

Куту болуп биздин үйдүн дайыма,

Жүрө берсин менин энем жарыгым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×