Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Чүй облусуЧүй району 22.04.2019 18:21 На русском

Жаш талант: Дастанчы Э.Окушов комузда кол ойнотуп, чыгармачылык менен алектенип келет

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылынын 14 жаштагы тургуну Элдос Окушов комузда кол ойнотуп, элдик дастандарды ырдап келет. Ал Токмок шаарында өткөн таланттуулар таймашында 1-орунду жеңип, «Сары-Өзөн чолпондору» сынагында «Эң мыкты дастанчы» номинациясына ээ болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Чыгармачылык менен 3 жылдан бери алектенип келе жатам. Көбүнчө элдик обондорго лирикалык жанрга, дастанга жакынмын.

Токмок шаарыбызда өткөн таланттуулар таймашында 1-орунга жетип, "Сары-Өзөн чолпондору" сынагында "Эң мыкты дастанчы" номинациясына ээ болгом. Мындан сырткары бир топ сынактарга, майрамдык иш-чарларга катышып, ардак баракчалар менен сыйланып жүрөм.

Бош убактымда китеп окуганды, музыка укканды жакшы көрөм. Келечекте Кыргызстандын даңкын чет жакка чыгарган ырчы, комузчу болгум келет», - деди ал.

Элдос Окушов 2005-жылы Чүй районуна караштуу Дөң-Арык айылында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу жана эгиздин түгөйү.

«Атам Жаныбек Окушов дыйкан чарба менен алектенет. Апам Аида Кудайбергенова үй кожейкеси. Мен Дөң-Арык айылындагы Калча орто мектебинде 8-класста окуйм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×