Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 23.04.2019 08:14

Караколдо окуучулар арасында аскердик сынак өттү

Turmush -  Каракол шаарындагы аскер бөлүктө окуучулар арасында аскердик сынак өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында, сынакка район, шаарлардагы мелдештерде алдыңкы орунду алган командалар катышты. Алар мылтык атуу, турникке тартылуу, саптык ыр аткаруу, 100 метрге жана 1 чакырымга чуркоо боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында 1-орунду «Жети-Өгүз» командасы, 2-орунду «Каскад гвардия» аскердик клубунун мүчөлөрү, 3-орунду Ак-Суу районунун окуучулары ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×