Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Чүй облусуСокулук району 23.04.2019 09:04 На русском

Айына 1,8 млн сом чогулткан мектеп: Директор убактылуу кызматтан бошотулду

Turmush -  Сокулук районунун Ч.Айтматов атындагы №1 инновациялык окуу-лицейинин директору Диляра Абдуллаева мектептеги акча чогултуу боюнча тергөө иштерине байланыштуу убактылуу кызматынан бошотулду. Бул маалыматты Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Камчыбек Эмилбеков тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди.

«Прокуратура, Финполиция өз иликтөөлөрүн башташты. Тергөө иши жүрүп жатканына байланыштуу директор Диляра Абдуллаева убактылуу кызматтан бошотулду. Биз тергөө ишинен кийин өз баабызды беребиз. Тергөө иши болжол менен ушул айдын аягы менен аяктайт», - деди ал.

-----------------------------------------------------------------------------

Сокулук районунун Ч.Айтматов атындагы №1 инновациялык окуу-лицейинде окуучулардан ай сайын 500 сомдон талап кылган мектеп жетекчилигине ата-энелер нааразы. Алар Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда чогулуш өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуучулардын ата-энелери билдиришти.

Чогулушка айылдык кеңештин депутаттары дагы катышты. Жыйын аталган мектептин ай сайын ар бир окуучудан 500 сомдон топтоп жатканына байланыштуу уюштурулган.

«Мындай акчаны берүү оор болуп, взносту 50 сомго түшүрүп берүүнү суранып жатабыз. Тилекке каршы аталган маселе чечилбей жатат. Бул мектепте 4500 окуучу окуса анын ичинен 1000 окуучу фондго акча берүү милдетинен бошотулган. Ошондо ар бир окуучудан 500 сомдон чогултканда бир айда 1 миллион 750 миң сом акча чогулат экен. Жылына 17 миллион сом болот. Бул акчалар кайда кетип жатканынан кабарыбыз жок. Мындай акчага жада калса 5 жылдын ичинде заңгыраган мектеп салса болот да», - деди ата-энелердин бири Чынара Апиева.

Мөлмөл Бекмамат кызы аталган мектепте 2 баласын окутуп, акча берүү кыйын болуп жатканын айтты.

«Мектепте 2 балам билим алат. Улуусу 3-класста окуйт. Айына 500-700 сомдон акча берип жатып чарчадык. Андан тышкары дагы башка, көп акча талап кылынат. Өзүбүз төрт балабыз менен батирде жашайбыз. Балдарым айына 3500 сом төлөп ийримдерге барат. 2 балама акча төлөөгө чамабыз чак келбей калды», - деди ал.

Аталган маселе боюнча Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова өз пикирин билдирди.

«Бизге акча чогултуу боюнча бир топ ата–энелер кайрылып, нааразычылык билдиришкен. Ата-энелер өз ыктыяры менен ар кандай коом түзсө болот. Эгерде ыктыярдуу коом түзүлүп, ата–энелер мугалимдерге жардам беребиз десе, өздөрүнүн иши. Ал коомдун негизги иши — мугалимдерди колдоо, мектептин техникалык базасын чыңдоо, жабдыктарды алып берүү. Бирок коомдун ишмердиги тууралуу жок дегенде жылына 2 жолу отчёт берилип туруш керек. Ата–энелер өз каалоолору менен акча төлөйт. Ыктыярдуу коом түзгөндө ата-энелер класстык чогулуш өткөрүп, айына канча сомдон чогултуп, кимдер акча берүүдөн бошотулуп, жеңилдик берүү боюнча жана акчаны эмнеге сарптоо боюнча чечим чыгара алышат. Ал эми шарты жок ата-эне арыз жазуу жолу менен акча берүүдөн убактылуу баш тартса болот. Бирок баласы окуй берет. Бул мектепте 60 пайыз ата-эне акча төлөсө, 40 пайызы бошотулуптур», - деди Надира Жусупбекова.

Айылдык кеңештин депутаттарынын бири аталган мектепке айыл өкмөтү тарабынан дагы акча бөлүнөрүн айтты.

«Бул мектепте ата–энелер акча чогултканына нааразы. Айына ар бир балага 500 сомдон беришет экен. Бирок каражаттар тууралуу отчёт ала алышкан эмес. Мектептин мүдүрү Диляра Кенжеева "айыл өкмөт тарабынан эч кандай акча каралбайт" деп айтып жатат. Бирок андай эмес. Биз жыл сайын акча бөлүп турабыз. Андан тышкары көмүр сатып берип, жылуулук берилүүсүн дагы каржылайбыз», - дейт айылдык кеңештин депутаты.

Аймактык кабарчы аталган мектептин директору Диляра Абдуллаева менен дагы байланышып, жогоруда айтылган жүйөлөргө жооп алды.

«Биздин мектепте жалпы ата-энелердин чогулушу болмок. Анда мектептеги кошумча билим берүү иштери, лицейди ар тараптан колдоо катары түзүлгөн мектеп фонду жөнүндө маселелер айтылып, аларды ортого салып, кеңешип чечмекбиз. Бирок тилекке каршы, бир нече ата-эне ызы-чуу салып, акча чогултууларды жоюу керектигин билдиришти. Ошондой эле нааразы болгон ата-энелердин көбүн биз биринчи жолу көрдүк. Алардын балдары бул мектепте окубай турганы, алар атайын даярданып келгени билинип калды. Алар "эч кандай кошумча билим берүүнүн, ар түрдүү ийримдердин кереги жок, ысык тамактын да кереги жок, акча чогултпайбыз" деп чыгышты. Негизги талап менин ишмердигиме карата айтылды. Тактап айтканда, алар жетекчилер алмашыш керектигин билдиришти. Мугалимдердин дарегине дагы жаман сөздөрдү айтышты.

Чогулушта айыл өкмөт башчысы, депутаттар, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилери да отурушкан болчу. Мен ал жерден да айттым, азыр дагы айтып коёюн. Ийримге бергиси келбесе, кошумча билим бергиси келбесе, алардан эч ким акча талап кылбайт. Бул окуучу менен ата-эненин гана макулдугу менен болот. Баламдын келечеги жакшы болсун деген ата эне эч качан кошумча окутуулардан, ийримдерден баш тартпайт. Мен мектептин гүлдөп өсүшүнө, окуучуларымдын татыктуу билим алуусуна дагы деле жан үрөп иштей берем. Биздин мектеп дүйнөдөгү эң мыкты мектептер менен ат салышып, тең жарышып чыгышы керек!», - деди мектеп директору.

Диляра Кенжеевна 2010-жылдан бери аталган мектептин директору болуп эмгектенип келет. Мектепте 4 миң 526 окуучу билим алып, Кыргызстандагы эң көп окуучу окуган мектептердин сап башында турат. Анда 179 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×