Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ысык-Көл облусу, Каракол 23.04.2019 09:54

Ысык-Көлдүн милиционерлери аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөлөргө жардам беришти

Turmush -  Ысык-Көл облусунда милиционерлер аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам беришти.

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ысык-Көл ОИИБдин демилгеси менен аз камсыз жана көп балалуу үй-бүлөлөргө азык-түлүк иретинде жардам берилди.

ОИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишев дем алыш күнү өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен бирге облустун аймагын кыдырып, түзүлгөн тизмеге ылайык үй-бүлөлөргө азык-түлүктөрдү тапшырды.

«Кээ бир тургундар колдоого абдан муктаж. Алардын арасында балдарын жалгыз тарбиялаган аял жана эркектер бар. Алар эски үйдө жашашат жана балдары ооруп калган учурлар кездешет. Тилекке каршы алардын жакын туугандары дагы жок. Мындай учурда милиционерлер аларга жардам берип келет», - деди А.Бекишев.

Ысык-Көл облусундагы 20 үй-бүлө милиция кызматкерлеринен гуманитардык жардам алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×