Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Баракелде, Бишкек 23.04.2019 10:25

Шашылыш билдирүү: 23-апрелден 27-апрелге чейин жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн

Turmush -  Бүгүн, 23-апрелде Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-25-апрель күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-апрелде кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

25-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн.

26-27-апрель күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

23-27-апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек—Ош унаа жолунун 132-133-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 222-223-чакырымдарында жана 246-чакырымында (Чычкан капчыгайы) кар күрткү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×