Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 23.04.2019 17:22 На русском

Видео: 40 градус суукка туруштук берген күнөскананын сыры эмнеде? Изаткан айымдын ийгилиги

И.Машрапованын күнөсканасы
И.Машрапованын күнөсканасы

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылынын тургуну Изаткан Машрапова райондогу алгачкы 40 градус суукка туруштук берген күнөскананы иштетип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

И.Машрапова күнөсканасында 3 жылдан бери бадыраң, помидор өстүрүп келет.

«Биринчи күнөскананы эл аралык фонд 230 миң сомго курулуш материалдарын алып, куруп берген. Ал эми экинчи күнөскананы 500 миң сом насыя алып салганбыз. Алгач жазгы түшүмдү жакшы эле алып, бирок күзүндө күйгөнбүз. Себеби күнөскананын ичинде нымдуулук жогорулап, температураны бир калыпка келтире албай, эки жыл катары менен түшүм албай калдык. Помидордун "садин" деген түрүн, бадыраңдын "тико" сортун эгебиз. Көчөттөрүн Аравандан алдырабыз. 1 сотых жерге помидор, 1,5 сотых жерге бадыраң тигилген. Күнөсканада помидордун 260 көчөтү бар. Бадыраңдын түшүмүн 45 күн сайын жыйнайбыз», - деди Изаткан айым.

Күнөскананын бир бети атайын күндүн ысыгын тартып, кечинде жылуулугун сактап тургандай таш дубалдан тургузулган. Эртең менен күнөскананын ичинде 20 градус жылуулук кармалат. Күн ысыганда желдетип турушат, себеби күнөсканадагы температура жогорулап кетет. Тамчылатып сугаруу жолу менен помидор, бадыраңдарды 5-6 күндө бир жолу сугарышат.

«Биз химикаттарды колдонбойбуз, малдын кыгын жана кара топуракты пайдаланабыз. Ошондуктан даамы кадимки (табигый) помидор, бадыраңдан айырмаланбайт. Бирок жашылчаларды канчалык эрте эксек дагы баасы арзан болуп калган учурга туш келип калып жатабыз. Анткени Чоң-Алай тоолуу район болуп, кышында аба ырайы 40 градус суукка чейин жетет. Ошондуктан мөмө-жемиштердин бышып-жетилүүсү да кечеңдейт. Кээде түшүмдү райондогу базарга сатыкка алып чыгабыз, бирок айылдагы элден деле ашпай калат», - дейт И.Машрапова.

Андан тышкары Изаткан айым эки күнөсканада капустанын уругун сээп, көчөтүн сатат. Көчөттүн бир түбү 3 сомго бааланат.

И.Машрапова 62 жашта, 6 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×