Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Нарын облусуЖумгал району 23.04.2019 12:39

Жумгалдагы Кара-Жээк—Беш-Терек жолу оңдолууда

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы Кара-Жээк—Беш-Терек жолу оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл жаштары билдиришти.

Жергиликтүү кеңештин депутаты Сыргак Токтоналиевдин айтымында, Чаек айылынын жаштарынын демилгеси менен «КамАЗ» айдаган жаштар жолго кум төгүп, аны райондук №24 жол тейлөө мекемесинин жана айыл өкмөттүн жайыт комитетинин техникалары таптап жатат. Бул техникаларга Чаек айыл өкмөтү 200 литр күйүүчү май берсе, район акими 100 литр жана райондук суу чарба башкармалыгы 100 литр күйүүчү май берген. Ошондой эле айыл тургундарынан да жардамдар берилип, учурда жол жасоо иши улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×