Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Нарын облусуКочкор району 23.04.2019 13:14 На русском

Кочкордо 9-12-кылымдарга таандык карапа идиштер табылды

Turmush -  Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында карапа идиштердин сыныгы, тешиги бар таштар менен таран куралынын учтары табылды, деп билдирди жергиликтүү тарыхчы Кайырбек Коңурбаев.

Анын айтымында, карапа буюмдар 9-12-кылымдарга таандык.

«Сепилдин дубалын бузууга даярдалган таран куралынын учтары табылды. Бирок аны кээ бир адамдар соконун (буурусун) тиши дешти. Археологияда 40 жылдан ашык иштеген адамдан сурасам, бул куралдар Кытайдан келгенин айтты. Эң чоңу былтыр жайында табылган. Картошка эккен балдар алып келип беришти. Бирок абага чыкканы чирип жатат. Темир үбөлөнүп, даты түшүп жатат.

Ал эми карапа идиштердин сыныктары, тешиги бар таштар — Суяб шаарынын сепилинин аймагынан чыккан артефактылар», - деди Коңурбаев.

Тема боюнча: Кочкордун аймагында байыркы доордо колдонулган таш буюмдар табылды (сүрөт)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×