Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Нарын облусуАт-Башы району 23.04.2019 15:04 На русском

«Атама тарткан сүрөтүн алып келе берчү же анын оюн атам билсечи»: Жоокерди өзүнө ашык кылган Д.Жумабаева

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлүп, ушул жерде өскөн 54 жаштагы Дилбара Жумабаева башка мамлекеттерден буйрутмаларды алып, чет өлкөлүктөрдүн табитиндегидей шырдактарды жасап, киреше табууда. Анын кол эмгектери менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, үйдүн эң кичүүсү болгондуктан кол өнөрчүлүк менен деле алектенген эмес.

«Мен Талды-Суу айылында төрөлүп, ушул айылдагы Абибулла Осмоналиев атындагы орто мектебинде билим алгам. Атам сүрөт жана чийүүдөн окуучуларга сабак берчү. 9-класста окуп жүргөндө жолдошум аскерден келип калды. Биз ошол учурда аскерде милдетин өтөп келгендерге концерттик иш-чара уюштуруп, конокко чакырчубуз. Ошондо жолдошум мени көрүп жактырып калыптыр.

Кийин мени көрүү үчүн ар кандай шылтоо таап, атама "тарткан сүрөтүмдү көрсөңүз, кандай тартыптырмын" деп эле келе берчү. Анын адамгерчиликтүү сапатын, өзүн таза, тыкан алып жүргөнүн жактырчумун. Окуумду бүтүп, 18 жашка чыгарым менен турмушка чыктым. Үйдүн эң кичүүсү болгондуктан көп жумуш деле жасачу эмесмин. Бардыгын апам (кайненеси) кылдаттык менен үйрөтүп алды. Жаңы келин болуп келгенде кайын журтумду тергеп айтуудан бир аз кыйналгам. Чоң кайнатамдын аты Жумабай болчу. Апам бир жолу "бүгүн кайсы күн?" деп сурап калды. "Жума күнү" десем эле апам "ай, чоң кайнатаңдын атын айтпа" деди. Анда мен "апа ар ким өз кайнатасын тергесинчи. Сиз өзүңүздүн кайнатаңызды, мен өзүмдүкүн" десем эле апам күлүп калды», - деди ал.

Каарманыбыз буга чейин түймө түйүп киреше тапчу.

«Кийин жолдошум экөөбүз Ат-Башы айылына көчүп келдик. Бир жолу жайлоого барып, эжелердин, жеңелердин шырдак жасап жатканын көрүп калдым. Ошондон кийин кызыгуум ойгонуп, шырдак жасоого өттүм. Негизи апам шырдак жасачу. Ага кичинекей кезимде жардам берип жүрүп үйрөнгөн элем.

1985-жылдары чоң адамдарга жана кичинекейлерге түрдүү кийимдерди түйүп киреше тапчумун. 1996-жылдан баштап шырдактарга буйрутма алып баштадым. Учурда шырдак, боз үйдүн жасалгаларын, териден эмес мехтен көлдөлөңдөрдү, унаага салынуучу төшөктөрдү жана кыздардын себин жасайм. Булар өзүбүздүн айылга, Токмок, Ош, Бишкек, Нарын шаарларына жана атайын буйрутма менен Түркия, Россия өлкөлөрүнө кетет. Ошондой эле айылдагы кызыккан кыз-келиндерге үйрөтөм. Алар мага түшкөн буйрутмаларды бүтүрүүгө жардамдашып, киреше табышат», - деди ал.

Кол өнөрчүнүн 4 кызы, 3 уулу жана 5 небереси бар. Ал «Баатыр эне» наамын 2005-жылы алган. Учурда улуу кызы 34 жашта болсо, кичүүсү 14 жашта. 3 кызы турмуш жолуна аттанып, бир уулу үйлөнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×