Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусу, Ош 23.04.2019 17:21

«Эмне үчүн токтом иштебейт?»: Сары таш иштеткен кыргызстандык ишкерлер өкмөткө кайрылышты. Видео

Turmush -  Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү таштарды кайра иштетүүчү компаниялардын өкүлдөрү өкмөткө кайрылуу жасашып, жергиликтүү продукцияны колдоого чакырышты. Бул тууралуу алар бүгүн, 23-апрелде АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Алардын айтымында, таштарга болгон бажы төлөмү алынгандан кийин алар иштеткен таштар экспортко азыраак чыга баштады. Ага байланышуу «Каухар-Таш» компаниясынын башчысы Айбек Абдуллаев өкмөттүн 530-токтому иштебей жатканына нааразы экенин билдирди.

«Кыргызстанда иштетилген сары таштар Өзбекстан мамлекетине бажы төлөмү жок өткөрүлүп жатат. С.Жээнбеков премьер-министр болуп турганда өкмөттүн 530-токтому чыгарылган. Ал боюнча 1 куб ташка 55 евро бажы төлөмү алыныш керек болчу. Бирок жыл жаңыргандан кийин ошол токтом иштебей калды. Бажы төлөмү алынгандан кийин өзбекстандык ишкерлер Кыргызстанда ишканаларын ачып, таштарды өздөрү иштетип, эч кандай бажы төлөмү жок алып кетип жатышат. Ошондуктан жергиликтүү ишканалардын экспортунун көлөмү кыскарып жатат. Биз таштарды көбүнчө Казакстанга, Өзбекстанга экспортточубуз. Өзбекстандагы өнөктөштөрүбүз "биз өзүбүздүн жергиликтүү продукцияны колдойбуз" деген таризде бизден таш алуудан баш тартып жатышат. Азыр таш иштетүү боюнча Кыргызстандын түштүгүндө 62 компания иштейт. Эгер экспорттун көлөмү кыскарса, жумуш орундары азайып, айрым ишканалар жабылып калышы мүмкүн. Ал тургай айрым ишканалар алган насыясын төлөй албай жабылууга дуушар болду», - деди А.Абдуллаев.

«Кыргыз травертин» ишканасынын башчысы Чыңгыз Бадиринов да маселе чечилбесе, жумуш орундарынын саны кыскараарын айтты.

«62 ишкана чет өлкөдөн инвестиция тартат да. Канчалаган жумуш орундарын түзүп жатабыз. Биз өкмөттүн 530-токтому эмне үчүн иштебей жатканына кызыгып жатабыз? Биз ошол токтомдун аткарылышын каалайбыз. Азыр "өкмөттөр аралык комиссия чыгарган корутундунун негизинде" деп Бажы кызматы таштарга төлөмдөрдү албай жатат», - дейт Ч.Бадиринов.

Ал эми «Асыл-Таш» ишканасынын жетекчиси Акылбек Абдуллаевдин айтымында, таштарды жергиликтүү ишканалар гана иштетиш керек.

«Чийки заттар жөн эле сыртка чыгып кетпеш керек. Аларды жергиликтүү ишканалар иштетиши керек. Өкмөт "региондорду өнүктүрөбүз, ишкерлерди колдойбуз" дейт. Биз атаандаштыкка туруштук бере алабыз. Кеп анда эмес. Биз экспорт товарларын көбөйтүп, инвестиция тартып жаткандан кийин жергиликтүү ишканалардын продукциясын колдош керек. Биз иштеткен таштар Кыргызстанда арзан сатылат. Ал эми бизден эле алып кетишип, бирок Өзбекстандан иштетилип жаткан таштар Кыргызстанда кымбат баада сатылат. Ошондуктан өкмөткө жана тиешелүү органдарга кайрылабыз, биздин маселебизди чечип бериңиздер», - деди А.Абдуллаев.

Ишкерлердин айтымында, кичи таш чыгарган цехтер айына 1,5-2 миң куб метр таш иштетишет. Ишкерлер бажы төлөмү 1 куб метр үчүн 55 евро болсо, Кыргызстан дагы пайда көрөөрүн билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×