Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Жалал-Абад облусуАксы району 23.04.2019 20:52

Аксынын алыскы айылында тиш дарылоочу 2 борбор ачылды

Turmush -  Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүндө жарандардын тиш-жаак ооруларын дарылоочу эки борбор пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Бердалы Мырзагулов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин айылда тиш ооруларын дарылоочу борбор болгон эмес.

«Жергиликтүү тургундар имаратты куруп берүүнү суранып келишкен болчу. Себеби алар буга чейин 60 чакырым алыс жайгашкан райондун борборуна барышчу. Эми элдин өтүнүчү аткарылды», - деди ал.

Ак-Жол айыл өкмөтү Аксы районунун эң алыскы айылы болуп эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×