Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусу, Ош 23.04.2019 17:58

Окуучу бала үйүнөн 7 жолу качып, чоочун үй-бүлөдө «жетиммин» деп жашап жүргөн

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаарында 7-жолу үйүнөн качкан 11 жаштагы бала 18-апрель күнү милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районундагы турак үйлөрдүн биринен табылган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарынын Күкүмбий көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган 11 жаштагы бала жашы жете элек өспүрүмдөр боюнча комиссиянын чечими менен убактылуу балдар үйүнө өткөрүлүп берилди.

«Чечимге баланын апасы дагы каршы болгон эмес. Анткени, анын баласы 12-апрель күнү үйүнөн жетинчи ирет качып, Кара-Суу районундагы чоочун бирөөнүн үйүнө барып, аларды алдап, өзүн жетим бала катары тааныштырып жашап жүргөн. 11 жаштагы өспүрүм буга чейин ата-энеси ажырашып кеткенине байланыштуу таенесинин колунда тарбияланган», - деди З.Сыдыков.

Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Дина Анарбаеванын айтымында, баланы таенеси өстүргөндүктөн, өспүрүм апасы менен жашай албай койгон.

«Таенеси Россияга балдарынын чакыруусу менен кетип, кайра келгенче баланы өзүнүн апасы карап жаткан. Бирок бала апасы менен жашай албай, качып кеткен. Милиция кызматкерлери баланы апасынын макулдугу менен 5 күнгө «Боорукердик» балдар үйүнө жайгаштырышкан. Кечээ, 22-апрель күнү баланын таенеси келип, небересин өз камкордугуна аларын айтып, балдар үйүнөн алып кетти», - деди Д.Анарбаева.

Ош шаардык милициясы жыл башынан бери дайынсыз жоголгон 43 өспүрүмдү таап, ата-энесине өткөрүп беришкен.

«2019-жылдын 1-кварталында Ош ШИИБге жалпысынан 35 ата-энеден арыз түшүп, алар балдарынын жоголгондугун билдиришип, табууга жардам берүүнү өтүнүшкөн. Ал эми апрель айынын ичинде ушундай эле 8 арыз түшүп, Ош ШИИБдин кызматкерлери коомчулуктун, өзгөчө массалык маалымат каражаттарынын көмөгү менен жоголгон бардык балдарды таап, өз үйлөрүнө кайтарышкан. Профилактикалык маек учурунда алардын көпчүлүгү үй-бүлөдөгү келишпестиктен качып, же достору менен башка жактарга эс алууга кетип калганы аныкталган», - деп кошумчалады З.Сыдыков.

Учурда Ош шаарынын аймагында өспүрүм бала дайынсыз жоголуп, табылбай жаткан факты жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×