Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Чүй облусуАламүдүн району 23.04.2019 18:20

Панфиловдо 26 жаштагы эки жигит жаш балдарды тоноого шектелип кармалышты

Turmush -  Панфилов районунда Чүй облусунун эки тургуну жаш балдардын уюлдук телефонун тоноого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Панфилов РИИБге 58 жаштагы К.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, ушул жылдын 18-февралында болжол менен саат 20:30 чамасында Биринчи май айылындагы көчөлөрдүн биринде белгисиз адам 2003-жылы туулган баласына физикалык күч колдонуп, анын «Редми» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып, белгисиз тарапка качып кеткендигин билдирген. Ушундай эле арыз менен 51 жаштагы К.У. аттуу жаран кайрылып, 4-мартта болжол менен саат 20:30 чамасында Биринчи май айылындагы көчөлөрдүн биринде белгисиз адам 2002-жылы туулган баласына физикалык күч колдонуп, анын «Самсунг» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып, белгисиз тарапка качып кеткендигин айткан.

Аталган фактылар Жазык кодексинин 201-беренеси (тоноо) боюнча каралып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ошондой эле, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү бөлүмдөргө тапшырма берилген.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде Чүй облусунун 26 жаштагы тургундары С.К. менен С.А. кармалышты. Учурда алардын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жогу аныкталып жатат. Ошондой эле чогулган материалдар боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштер уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×