Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баракелде, Бишкек 24.04.2019 09:56

Шашылыш билдирүү: 27-апрелге чейин жаан жаап, үшүк жүрүшү мүмкүн

Turmush -  24-25-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталат. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-апрелде Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

24-25-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан-чачын болот.

25-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 24-апрелде кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

24-27-апрель күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

26-27-апрелде түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт.

25-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек—Ош унаа жолунун 132-133-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 222-223-чакырымдарында жана 246-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы) кар күрткү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп, муз тоңот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×