Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусу, Талас 27.07.2019 19:02

Айыл турмушу: Машыктыруучу Жандил мырза Бишкектен Таласка көчүп келип, балдарды машыктырууда (сүрөт)

Жандил Болотбек уулу и его ученики
Жандил Болотбек уулу и его ученики
// Turmush

Turmush -  Талас шаарынын 35 жаштагы тургуну Болотбек уулу Жандил балдарды кикбокс боюнча машыктырып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Таласта иштөө үчүн 2 жыл мурун Бишкек шаарынан көчүп келген.

«Түбүм Таластан. Бирок Бишкек шаарында өскөм. 11 жашымдан баштап кикбокс менен машыгып келем. КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Маралбек Абдыкуловдун шакиртимин. Өзүм адистигим боюнча электрикмин. Ишимден тышкары балдарды машыктырып келем. Талас жергесинде жаш өспүрүмдөрдү спорттун бул түрүнө тарткым келип, мындан 2 жыл мурун көчүп келгем. Үй-бүлөм колдоп, кошо көчүп келишкен. Учурда 25 баланы машыктырып жатам. Жаңы келгенимде балдарды топтоо кыйын болду. Бизде жыйынтык болуп, кызыктыра алганыбызда гана аталары өздөрү алып келе башташты. Турнирлерге катыштырып, балдардын кызыгуусун арттырып жатабыз. Жаракат алып калган учурлар болот. Мен өзүмдүн практикамда турнир учурунда мурдумду көп сындыргам. 2006-жылы республикада чечүүчү беттеште дагы мурдум сынып, атаандашымды жеңе албай калгам.

Ар бир өспүрүм баланын тилин табуу кыйынчылыгы бар. Балдар 7 жаштан 16 жашка чейинкилер. Акырындап көрсөткүч жаратып жатабыз десем болот.

Быйыл кыш айында ушу-саньда боюнча Казакстанда турнир өтүп, ал жактан 5 балабыз алтын медаль менен келишти. Жакында эле Борбор Азиянын кикбокс боюнча кубогуна катышып келдик. Ал жакка Россиядан, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстандан барган спортчулар катышты. Ал жактан 3 балабыз вице-чемпиондукту, 1 балабыз 3-орунду алып келди», - деди ал.

Машыктыруучу жубайы экөө 2 кыз, 1 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×