Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Баракелде, Бишкек 30.04.2019 10:02

Шашылыш билдирүү: 3-майга чейин катуу жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн

Turmush -  Бүгүн, 30-апрелде жана 2-3-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Тоо этектеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Бүгүн, 30-апрелге карата аба ырайынын болжолу

Көпчүлүк аймактарда, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде катуу жаан жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×