Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусуЧоң-Алай району 03.05.2019 10:52 На русском

Абдибаит Акматов Чоң-Алай районунун акиминин орун басары болду

Абдибаит Акматов
Абдибаит Акматов

Turmush -  Чоң-Алай районунун акиминин орун басары болуп Абдибаит Акматов дайындалды. Бул тууралуу Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Абдибаит Акматовду аталган кызматка дайындоо боюнча өкмөттүн буйругу 29-апрель күнү чыккан. Ал буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

А.Акматов 1981-жылы Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында төрөлүп, юрист кесибине ээ болгон. Мамлекеттик кызматтын 2-даражадагы инспектору. 4 уул, 1 кыздын атасы.

Чоң-Алай районунун акиминин мурунку орун басары Саадат Туйгунова 20-апрель күнү ротация жолу менен Бишкек шаарындагы Мамлекеттик кадр кызматына которулган болчу.

Буга чейин Turmush басылмасы Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаровдун орун басары Саадат Туйгунова өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулганын жазган.

Саадат Туйгунова

«Саадат Туйгунова кызматынан сөгүш алып кеткен жок. Жакын туугандар бир жерде иштөөгө мүмкүн эмес деген мыйзамдын негизинде өз арызы менен ээлеген кызматынан кетти. Себеби Саадат Туйгунова Чоң-Алай районунун акиминин бир тууган жеңеси», - деген өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн убактылуу басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова.

Ал эми Саадат Туйгунова ал ротация жолу менен Бишкек шаарындагы Мамлекеттик кадр кызматына которулганын билдирген.

Жумадилла Жапаров 2015-жылы 22-июнда Чоң-Алай районунун акими болуп дайындалган.

Эмгек кодексинин 68-беренеси. Мамлекеттик уюмдарда туугандардын чогуу иштешин чектөө

Бир же ошол эле мамлекеттик уюмдарда жакын туугандарга (ата-эне, жубайлар, ага-инилер, эже-сиңдилер, уул, кыз, ошондой эле жубайлардын, ага-инилери, эже-сиңдилери, ата-энелери жана балдары) иштөөгө, эгерде алардын иши Кыргыз Республикасынын өкмөтү аныктаган учурларды кошпогондо, бири экинчисине түздөн-түз баш ийишине же контролдугуна байланыштуу болсо, чогуу иштөөгө тыюу салынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×