Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ош облусуКара-Суу району 03.05.2019 11:58 На русском

Жер чыры... Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмат Исмаилов кызматынан кетти

Эрмат Исмаилов
Эрмат Исмаилов

Turmush -  Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмат Исмаилов ээлеген кызматынан кетти. Бул тууралуу маалыматты Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мехринса Жороева тастыктады.

Маалыматка караганда, Эрмат Исмаилов 26-апрель күнү өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулган.

Э.Исмаилов 2017-жылдын 26-январында 3-жолу айыл өкмөт башчы болуп шайланган. Ал 1981-жылы Кара-Суу районунда туулган. Жогорку билимдүү. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

-------------------------------------------------

Буга чейин Э.Исмаиловго жана анын жооптуу катчысы Радахан Самиевага мыйзамсыз жер сатуу боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. Ал тергөө иштеринин алкагында убактылуу кызматынан бошотулган.

Кара-Суу райондук соту 2018-жылдын 25-декабрында Э.Исмаиловго жана жооптуу катчысына карата козголгон кылмыш иши боюнча чечимин чыгарган. Райондук сот Э.Исмаиловду актап, жооптуу катчысына 100 миң сом айып пул салган. Кийинчерээк Ош облустук соту дагы Кара-Суу райондук сотунун өкүмүн эч өзгөртүүсүз күчүндө калтырган.

Кара-Суу райондук соту материалдарды карап чыгып, 25-декабрда Радахан Самиеваны Кылмыш-жаза кодексинин 305-2-беренесинин 1-бөлүмү боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылдык мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүнө барабар 100 000 сом айып төлөмгө кириптер кылды.

Эрмат Исмаилов КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин 1-бөлүмү боюнча күнөөлүү деп табылып, КЖКнын 67-беренесинин негизинде жазык-жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза белгиленген жок.

Эрмат Исмаилов КРдин КЖКнын 315-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмышты жасоого катышуусу далилденбегендигине байланыштуу акталды.

Буга чейин Папан айыл өкмөтүнүн айрым тургундары айыл өкмөт башчысы жана жер адиси жерди өздөрүнүн туугандарына жана капчыктууларга гана берип жаткандарын айтып келишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×