Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Баракелде, Бишкек 04.05.2019 16:05

Аба ырайы: 4-6-май күндөрү тоо этектериндеги райондордо үшүк жүрүшү мүмкүн

Turmush -  Бүгүн, 4-майда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши ыктымал.

4-6-май күндөрү Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектериндеги райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү ыктымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×