Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 05.05.2019 16:02 На русском

Кочкордун Кош-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы болуп 26 жаштагы Сарыгул Казиев шайланды

Turmush -  Кочкор районундагы Кош-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы болуп Сарыгул Казиев шайланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, Кош-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы Ырысбек Бектен өз каалоосу менен төрагалык кызматынан баш тарткан. Андан кийин аталган кызматка айылдык кеңештин депутаттары Алымбек Мамырбаев менен Сарыгул Казиев талапкер болушкан. Шайлоого айылдык кеңештеги 11 депутат толугу менен катышты. Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон Сарыгул Казиев Кош-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

С.Казиев 1993-жылдын 19-декабрында Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күңгөй айылында туулган. 2001-2011-жылдары Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинен билим алган. 2011-2016-жылдары Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинде билим алып, юрист кесибине ээ болуп чыккан. 2016-жылы Кочкор районунун Кош-Дөбө айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган. Буга чейин Кочкор райондук жаштар кеңешинин төрагасы болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×