Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусуЧүй району 06.05.2019 19:31

Кош-Коргон айыл өкмөтүнө жаңы башчы шайланат

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районундагы Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнү белгиленди. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоо 22-майда өтөт.

Мурунку айыл өкмөт башчы А.Нурдинов өз каалоосу менен жазган арыздын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Ал тууралуу тиешелүү буйрукка Чүй райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким 18-апрелде кол койгон.

Айыл өкмөт башчыны айылдык кеңештин депутаттары шайлашат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×