Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуАк-Талаа району 07.05.2019 10:16 На русском

Т.Турдукулов Ак-Талаа райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси болду

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук электр тармактар (РЭТ) ишканасынын жетекчилигине Тынчтыкбек Турдукулов дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган ишкананы буга чейин Таалайбек Турганбеков жетектеп келген.

Т.Турдукуловду жамаатка тааныштыруу иш-чарасына акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов катышты.

Өмүр баяны:

Турдукулов Тынчтыкбек Замирбекович 1983-жылы 9-ноябрь күнү Баетов айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 кыз, 1 уулдун атасы.

Билими:

2001-жылы Ак-Талаа райондук Мааданбек Барашов атындагы кесиптик лицейин артыкчылык аттестат менен аяктаган. Андан кийин Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде окуган. Энергия булактары боюнча инженер.

Эмгек жолу:

- 2002-жылы «Чыгыш электр» ачык акционердик коомунун Нарын филиалында электро техникалык бөлүмүндө электр слесарь;
- 2003-жылы Жумгал райондук электр тармагында электр-монтёр;
- 2004-жылы Ак-Талаа РЭТде электр-монтер;
- 2008-жылы «Эмил» дыйкан чарбасында механизатор;
- 2008-жылы Ак-Талаа РЭТде инспектор;
- 2010-жылы Ак-Талаа районунун Куртка аймактык электр бөлүмчөсүндө монтер;
- 2011-жылы Ак-Талаа районунун Баетов аймактык электр бөлүмчөсүндө электр монтер;
- 2013-жылы Ак-Талаа районунун Куртка аймактык электр бөлүмчөсүнүн жетекчиси;
- 2015-жылдан бери Баетов аймактык электр бөлүмчөсүнүн жетекчиси жана Ак-Талаа РЭТтин кесиптик бирлигинин төрагасы болуп иштеп келген.

Сыйлыктары:

- 2011-жылы Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы;
- 2015-жылы «Чыгыш электр» ААКтын Нарын облустук филиалынын кесиптик бирлик уюмунун ардак грамотасы;
- 2016-жылы «Чыгыш электр» ААКтын Нарын облустук филиалынын кесиптик бирлик уюмунун ардак грамотасы менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×