Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ысык-Көл облусу, Каракол 14.05.2019 15:44

Милиционерлер жоголгон 3 жашар баланы таап, энесине тапшырышты (сүрөт)

Turmush -  Каракол шаарында милиционерлер жоголгон баланы таап, апасына тапшырып беришти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден маалымдашты.

Маалыматка караганда, шаардын 28 жаштагы тургуну үй иштери менен алектенип жатып, балдар аянтчасында ойноп жүргөн 3 жаштагы баласы жоголуп кеткенин байкабай калган. Эне баласын издеп, тапкан эмес.

Ошол убакта саат 18:30 чамасында Каракол ШИИБдин жаш сөпүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору Марлен Динеев жана милициянын аймактык өкүлү Нурбек Керимкулов милициянын көчмө пункту менен аталган аймакта жарандардын арыздарын кабыл алып жатышкан. Ал милиционерлер Тыныстанов көчөсүндө катуу ыйлап жаткан кичинекей баланы көрүшкөн. Алар коркуп калган баланы сооротушуп, аны менен сүйлөшүүгө аракет кылышкан. Бирок кичинекей бала эмнеден коркуп, ыйлап жатканын жакшы түшүндүрө алган эмес.

Милиционерлер Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө байланышканда алар бала жоголгону тууралуу эч кандай маалымат түшпөгөндүгүн билдиришкен. Мындан улам алар баланы көчмө милицияга салып, аймакты кыдырып башташкан. Ошол аймактан эки квартал өткөндөн кийин баласын издеп жүргөн энени көрүшкөн. Милиционерлер баланы энесине тапшырып беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×