Бөлүмдөр
Ишемби, 21-сентябрь
Ош облусу, Ош 14.05.2019 16:45

Ош шаардык кеңешинин жыйынында бир нече жетекчи сынга кабылды

Ош шаардык кеңештин 20-сессиясы
Ош шаардык кеңештин 20-сессиясы

Turmush -  Ош шаардык кеңешинин депутаттары регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Ажимурат Жолдошевди сынга алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жетекчини сындагандардын бири КСДП фракциясынын депутаты Гүлсана Эсенбаева болду.

«Оштогу курулуштар начар. Эмне үчүн архитектуралык курулуштарды карабайсыңар? Керек болсо Оштун колоритиндеги долбоорлорду иштеп чыкпайсыңарбы. Урматтуу мэр, ушул кишинин иш ордун карабайсызбы?», - деди ал.

Ошондой эле депутат айым «Ош-Тазалык» ишканасынын башчысы Нурбек Исмаиловго кайрылды.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов да анын сөзүн улай Н.Исмаиловду сынга алды.

«Жаңы эле ишке келдиң. Сенден мурунку башчы жакшы иштеген. Кийин чарчап калып, өзү жазган арыздын негизинде кызматынан кеткен. Сен изденип иштебейсиңби», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×