Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Баткен облусу, Баткен 14.05.2019 16:57

Баткенде 3 күнгө созула турган эл аралык «Жаш таланттар достугу» фестивалы башталды

Turmush -  Бүгүн, 14-майда Баткен шаарында 3 күнгө созула турган эл аралык «Жаш таланттар достугу» фестивалы башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда аталган фестиваль жыл сайын өткөрүлүп келет. Бул жолу Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан жаш таланттар келишти. Алар өздөрүнүн ыр-бийлерин аткарышат. Саамалык улуттар арасындагы достукту бекемдөө максатында уюштурулду. Катышуучулар Баткен шаарынын сыймыктуу жерлери менен таанышып, кооз табиятынын койнунда эс алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×