Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Талас облусуКара-Буура району 14.05.2019 17:41

Айыл турмушу: Кара-бууралык А.Сыдыков 6-классынан бери устачылыкты аркалап келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылынын 44 жаштагы тургуну Айбек Сыдыков окуучу кезинен бери устачылык менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ата-бабасы да уста болушкан.

«6-классымдан бери усталар менен жүрүп, усталык иштерге аралашып келем. Алгач майда жумуштардан баштагам. Үй буюмдарын колго жасап, үй тургузуп, очокканаларды куруп жатам. Негизи устаны уста кылган буйрутма берген кардарлар болуп саналат. Оюңа келбеген нерселерди жаратууга дагы жардам берген кардарлар болуп калат. Азыр усталар көп, бирок эмгектерди эл баалап, алар менен иштешип келем. Мен өзүмдү ушул кесиптен гана көрө алам. Анткени ушул иш менен тамак таап, үй-бүлө багып келем. Буйрутмалар менен алыскы айылдарга чейин барып иштеп калам. Учурда буйрутмалар көп келип жатат. Өзүм окуу жайды аяктабай калып, ушул устачылык менен каражат табам. Жардамчы балдарды жаныма ала жүрүп, жумушка аралаштырып, иштин сырларын көрсөтөм.

Очокканага буйрутмалар болсо жардамчым менен бирге 2 күндө бүтүрүп, кооздоп берем. Очоккана жасоодо кызмат акы 8000-10000 сомго чейин болот. Аны кооздоо иштери дагы колду кармап, убакытты алат. Устачылыкка тиешелүү жаңы чыгып жаткан иштерди бир көрүп жасай берем. Негизи бизде устачылыкты бага билген, аны ала жүргөн Дөөт деген пир бар. Андай пир болбосо канча аракет кылсаң дагы ишиңден кемтик байкала берет. Мейли жыгач, темир устачылык болсун ар биринин өзүнүн пири болот. Ар ким эле муну анчейин сезе билбейт.

Чоң аталарым жыгач уста, атам трактор айдоочусу болуп техникага жакын болгон. Менин иштеримди көргөн балдарым аракет кылып, үйрөнүүгө далаалаттанышат. Байкасам жөндөмдүү. 1 айда 20-40 миң сомго чейин таза жана адал киреше табам», - деди ал.

Айбек уста 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×