Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Баткен облусуКадамжай району 14.05.2019 20:46

Кадамжайдан качкан шектүү кылмышкерлер Россиядан, Өзбекстандан кармалды (сүрөт)

Turmush -  Кылмыш жасагандан кийин Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен шектүү адамдар кармалганын бүгүн, 14-майда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кадамжай районундагы Үч-Коргон айылынын 36 жаштагы тургуну Д.А. 2017-жылдын октябрь айында КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги (мурунку редакция) 104-берененин (денеге атайлап оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгондон кийин качып кеткен. Ал Россиянын Троицк шаарында качып жүргөн жеринен Кадамжай РИИБдин криминалдык милиция кызматынын жана Россиянын милиционерлери биргеликте жүргүзгөн иш-чаралардын негизинде кармалды.

Шектүү 2019-жылдын апрель айынын аягында Кыргызстанга алынып келди. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Ошондой эле Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында жашап жаткан И.Б. (1955-жылы туулган) КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги (мурунку редакция) 247-берененин (мыйзамсыз наркотикалык заттарды ташуу, сактоо) негизинде кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн.

Кечээ жана бүгүн, 14-майда жүргүзүлгөн «Адам сатуу» ыкчам иш-чарасынын алкагында Баткен ОИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери менен Өзбекстандын милиция кызматкерлери шектүүнү кармашты. Ал Өзбекстан Республикасынын Навои облусунда жашынып жаткан жеринен колго түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×