Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Чүй облусуСокулук району 15.05.2019 12:04

Шопоковдо электриктер өрт коопсуздугу боюнча машыгууга катышты

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаарында электр тармагында иштеген кызматкерлер райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт коопсуздугу боюнча машыгуусуна катышышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Шопоков шаарында жайгашкан Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасында өрткө каршы жана өрт коопсуздугу боюнча өткөн машыгууга электр тармагында иштеген 50гө жакын кызматкерлер катышты.

Сокулук райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан райондогу мекемелерде машыгуулар өткөрүлүүдө», - деп билдиришти өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×