Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Чүй облусуСокулук району 15.05.2019 12:58 На русском

Сокулуктун акими Т.Корголдоев отставкага кетти

Таалайбек Корголдоев
Таалайбек Корголдоев
// Turmush

Turmush -  Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Таалайбек Корголдоев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришти.

Таалайбек Корголдоев бул кызматка 2018-жылдын 3-апрелинде келген. Тиешелүү буйрукка мурунку премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.

Өмүр баяны:

Таалайбек Корголдоев 1968-жылы Күн-Туу айылында төрөлгөн. Үй-бүлөлүү, 1 кыз жана 1 уулдун атасы.

Билими:

- 1992-1997-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынан зооинженер кесибин алган;

- 2014-2017-жылдары Башкаруу, укук, каржы жана бизнес эл аралык академиясынан билим алып чыккан.

Эмгек жолу:

- 1968-жылы Киров атындагы Садоводческ совхозунда жөнөкөй жумушчу болуп эмгек жолун баштаган;

- 1986-жылдан 1992-жылга чейин ушул эле совхоздо айдоочу, андан соӊ 2000-жылга чейин бригадир болуп эмгектенген;

- 2000-2010-жылдары «Ишенбек» айыл чарбасында эмгектенген;

- 2010-2011-жылдары Күн-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу;

- 2011-2013-жылдары Күн-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. Андан соӊ 3 жолу ушул эле айыл өкмөттүн башчысы болуп шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×