Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.05.2019 15:52 На русском

Террорчулардын, кылмышкерлердин колунан ажал тапкан тартип сакчылар эскерилди (сүрөт)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында бүгүн, 15-майда кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон милиция кызматкерлери эскерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, ИИМдин буйругу менен ушул жылдан тарта, ар бир жылдын 15-майында кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлерин эскерүү күнү деп белгиленди. Бул күнгө карата Жалал-Абад ОИИБде дагы эскерүү иш-чарасы болду.

«Кызматтык милдетин аткарууда жана кылмышкерлерди кармоодо каза болгон кызматкерлердин эстелигине гүл коюлуп, бир мүнөттүк эскерүү болду. Алардын коомдук коопсуздукту камсыз кылууда жана өзгөчө оор кылмыштарга шектелгендерди, диний-экстремисттик террорчуларды кармоо учурунда жасаган эрдиктери даңазаланды. Милиция уюштурган иш-чарага маркум кызматкерлердин жубайлары жана жакындары дагы катышып, башкармалыктын жетекчилиги тарабынан колдоо көрсөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Маркумдарды эскерүү шаар жана райондогу ички иштер бөлүмдөрүндө дагы өткөрүлүп, курман болгон кызматкерлерге багышталып куран окулууда.

Базар-Коргон РИИБ тарабынан өзгөчө коркунуч туудурган кылмышкерди кармоо учурунда анын огунан 30 жашында каза болгон милициянын капитаны А.Махмадалиев жана 2010-жылы июнь коогалаңында каза болгон милициянын майору М.Сулаймановдун жакындарына 3000 сомдон материалдык жардам көрсөтүлдү.

Ал эми Таш-Көмүр ШИИБдин курамы 18 жыл ички иштер органдарында кызмат өтөгөн милициянын капитаны С.Ашиевдин үй-бүлөсүнөн кабар алып, жардамын берип кайтышты.

Жалал-Абад облусунда кызмат учурунда 31 милиция кызматкери каза болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×