Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусу, Ош 15.05.2019 17:00

Ошто кызмат учурунда каза болгон 13 милиционер эскерилди (сүрөт)

Каза болгон кызматкерлерди эскерүү иш-чарасы
Каза болгон кызматкерлерди эскерүү иш-чарасы

Turmush -  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызмат учурунда каза болгон 13 кызматкери эскерилди. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 15-май күнү Ош ШИИБдин башчысы Муратбек Боронов кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлеринин жакындарын кабыл алды. Маркумдарды эскерүү иш-чарасына аталган башкармалыктын жетекчилиги жана каза болгон 13 милиционердин ата-энелери, жубайлары катышкан.

«Сиздердин каза болгон жакындарыңыздар, биздин мурдагы кесиптештерибиз мамлекетибиздин коопсуздугу үчүн өз жандарын беришти. Алардын жаркын элеси ар дайым эсибизде сакталат. Биз кызматтык милдетин өмүрүнүн акыркы сааттарына чейин аткарып, коомчулуктун коопсуздугу үчүн каза болгон кесиптештирибиз менен сыймыктанабыз», - деди М.Боронов.

Ошондой эле каза болгон кызматкерлердин жакындарына акчалай жардам көрсөтүлдү. Аны Ош ШИИБдин жетекчиси өзү тапшырды. Эскерүү иш-чарасына келген коноктор өз кезегинде Ош ШИИБдин жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти.

Иш-чаранын соӊунда каза болгон кызматкерлерге багышталып куран окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×