Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 15.05.2019 17:46

Жалал-Абадда 800дөн ашык адам «Сабаттуу бол» акциясына катышты

Turmush -  Бүгүн, 15-майда Жалал-Абад шаарында өткөн «Сабаттуу бол» акциясына 800дөн ашык адам катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, акция мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата уюштурулду.

«Бүгүнкү акция өлкөнүн булуң-бурчунда өткөрүлүп жатат. Ага Жалал-Абад шаарынан 800дөй адам катышты, мындан сырткары ушул эле иш-чара облустун аймактарында дагы өтүп жатат. Ага мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, окуу жайлардын, мектептердин, бала бакчалардагы мугалимдер, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана каалоочулар катышты.

Жат жазуунун жыйынтыгы 27-майга чейин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясына берилет жана өкүлчүлүктүн сайтына илинет», - деп билдирди Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Элмира Муратбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×