Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Чүй облусуСокулук району 16.05.2019 08:00 На русском

«Караңгыда үйүлгөн өлүктүн канын ичишкен»: Аркы дүйнөгө чогуу ээрчишип кеткен Алюлдаевдер тууралуу баян

Turmush -  Бир туугандар Керимбек Алюлдаев менен Дүйшөнбек Алюлдаев 2016-жылы каза болушкан. Тактап айтканда, Керимбек Алюлдаев 96 жашында, ал эми Дүйшөнбек Алюлдаев 92 жашында дүйнө салды.

Дүйшөнбек атанын жалгыз уулунун кызы Мээрим Алюлдаеванын айтымында, алар 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка ээрчишип кетип, кайра ээрчишип келип, бири-бирине абдан ынак болушкан.

«Керимбек атам 1923-жылы, ал эми Дүйшөнбек атам 1925-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Дөң-Талаа айылында төрөлүшкөн. Биз уул-кыздар Алюлдаев чоң атабыздын фамилиясын алып жүрөбүз. Бул Алюлдай деген ысым Куран китебинен алынган экен. Чоң аталарыбыз тилекке каршы 2016-жылы бул дүйнө менен кош айтышып кетишти. Бирок артында өлбөс ысымдары калды.

Экөө тең согушка 1941-жылы кетип, 1946-жылы кайтып келишкен. Согуштан кийинки жылдары Дүйшөнбек атам уйчу болуп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан. Анын 5 кыз, 1 уул, 19 небере, 29 чөбөрөсү бар. Ал каза болгон жылы 92 жашта болчу.

Керимбек атам дагы 1941-жылы согушка кетип, 1946-жылы кайтып келген. Келгенден кийин эле үйлөнүп, 1 уул, 1 кыздуу болгон. Анын 6 небере, 8 чөбөрөсү бар. Колхоздо жылкычы болуп өмүр бою эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Ал каза болгон жылы 96 жашта болчу.

Эки бир тууган бири-бирине абдан жакын болчу. Бирин-бирин аябай сыйлашчу. Дүйшөнбек атам агасы каза болгондо абдан кайгырып жоктоду. Ошол 2016-жылы эле Керимбек атамдын артынан кетти. Экөө ээрчишип жүрүп, ээрчишип кетишти», - деди ал.

Мээрим айым Дүйшөнбек чоң атанын согуштагы үрөй учурган окуясынан бирди айтып берди.

«Аталарым согуш башталган жылдары кетип, кан күйгөн талааларда болушуптур. Дүйшөнбек атам дайыма бир окуясын айтып берчү. Ошону айтып берейин. Токойду аралап, түн ичинде суу издеп жөнөшүптүр. Эртеден кечке душман менен салгылашкан жоокерлердин суусу түгөнүп, кандары катып, суу көздөрүнөн өткөн экен. Ошентип 5 чакырым жерге чейин барышыптыр. Айлана караңгы, эч нерсе көрүнбөйт. Бир жерден шылдыраган суунун үнү угулат. Ушунчалык каны катып, суусап турган жоокерлер сүйүнүп, суу аккан жерге жетип барышып, аскердик бөтөлкө менен сузуп ичишиптир. Андан кийин уктап калышкан экен. Эртең менен ойгонуп, жогору жактан адамдардын өлүгү үйүлүп жатканын көрүшөт. Көрсө алар суу эмес, адамдардын канын ичишкен экен», - деди ал.

Керимбек Алюлдаев менен Дүйшөнбек Алюлдаев төрт бир тууган болушкан. Алардан кийин эки карындашы бар. Кичүү карындашы 4 жыл мурун көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×