Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 15.05.2019 21:00

Ош ОИИБде 2 полковник ардактуу эс алууга чыгып, 16 жаш кызматкер ант берди. Видео

Ардагерлерди узатуу учуру
Ардагерлерди узатуу учуру

Turmush -  Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери — милициянын полковниктери Абибула Ташболотов менен Бурканбек Ноорузбаев ардактуу эс алууга чыгышты. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Абибула Ташболотов ички иштер органдарында жалпысынан 30 жыл иштеген. Ал соңку жылдары Ош ОИИБдин катчылыгынын башчысы болуп эмгектенип келген. Ал эми Бурканбек Ноорузбаев күч түзүмдөрүндө 29 жыл үзүрлүү эмгектенип, Ош ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматында иштеп, миграцияга каршы аракеттенүү бөлүмчөсүнүн башчысы болууга жетишкен. Эки ардагер тең ички иштер органдарынын бир катар сыйлыктарына ээ болушкан.

Ош ОИИБдин башчысы Малик Нурдинов ардактуу эс алууга чыгып жаткан кызматкерлерге ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.

Ал эми А.Ташболотов жана Б.Ноорузбаев жаш кызматкерлерге акыл-насаатарын айтышты.

«Убакыт учкан куш экен, кечээ эле ички иштер органдарына жаңы кабыл алынганбыз. Эми карасак иштегенибизге 30 жыл болуп, ардактуу эс алууга чыгып жатабыз. Кызмат өтөп жаткан жаш кызматкерлерге айтарыбыз — өз кесибиңерди сыйлап, аткарган жумушуңарга так болуп, мамлекетке ак ниет менен кызмат кылгыла», - дешти ардагерлер.

Ошондой эле аталган аземде жаңыдан кызматка орношкон 16 жаш кызматкер салтанаттуу ант беришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×