Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусуКемин району 16.05.2019 10:01

Кеминдеги «Сабаттуу бол» акциясына катышкандар кандай баа алышты?

Turmush -  Кечээ, 15-майда Чүй облусунун Кемин районунда «Сабаттуу бол» акциясы өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Акция Кемин районундагы Н.Давлесов атындагы Кемин №3 орто мектебинде өткөрүлүп, ага Кемин районунун мекеме-уюмдарынын жетекчилери жана иш кагаздар менен иштөөчү адистер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жооптуу катчылары, мектеп директорлору, окуу тарбия иштери боюнча орун басарлары, дарыгерлер, редакциянын кызматкерлери жана жалпы каалоочулар катышты.

Акция мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, сабаттуу жазуу жана сүйлөө маданиятын өнүктүрүү максатында өлкө аймагында өткөрүлүп жатат.

«Кемин району боюнча "Сабаттуу бол" акциясын өткөрүүчү комиссиянын курамы бекитилген. Комиссиянын курамына Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, анын орун басары, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, “Эмгек жарчысы” гезитинин кабарчысы жана ошондой эле Кемин районундагы мектептердеги кыргыз тили жана адабияты сабагынын алдыӊкы мугалимдери кирип, жат жазуучуларга берилген текстти жеткиликтүү окуп берип, иш-чара ийгиликтүү аяктады», - деп билдиришти райондук мамадминистрациядан.

Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жөнөткөн тексттердин ичинен «Бүбүсара», «Улуу Жибек жолундагы соода», «Ак булутту аралап ай баратат», «Таттыбүбү Турсунбаева», «К.К.Юдахин» аттуу тексттер тандалып жазылды.

Катышуучулардын жалпы саны 93 адамды түздү.

Жат жазуунун жыйынтыгы менен:
- «5» деген бааны 42 адам алып, жалпы катышуучулардын 45 пайызын түздү;
- «4» деген бааны 37 адам алып, жалпы катышуучулардын 39 пайызын түздү;
- «3» деген бааны 14 адам алып, жалпы катышуучулардын 15 пайызын түздү;
- «2» деген баа алгандар болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×