Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Ысык-Көл облусу, Балыкчы 18.05.2019 12:16

Балыкчыда аталар менен ак элечек кийген апалар сармерденде таймашты (сүрөт)

Сармерден учуру
Сармерден учуру

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында таланттуу аталардын жана өнөрлүү апалардын ортосунда сармерден өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сармерден кыргыз тилинин 30 жылдыгына карата уюштурулуп, аны эрке бала — С.Тилекматов жана шайыр жеңе — Г.Ташкенова алып барды. Аталардын «Ак кеме» тобу апалардын «Балыкчы айымдары» тобу менен таймашты. Иш-чаранын жүрүшүндө «Манас» эпосундагы «Көкөтөйдүн ашы», «Каныкейдин арманы» темалары боюнча сөз козголуп, макал-лакаптар, табышмактар, жаңылмачтар жана калптар айтылды. Ошондой эле кыргыз элинин алтын казынасында сакталган таланттуу обончу, аткаруучулардын чыгармалары аткарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×