Бөлүмдөр
Жума, 20-сентябрь
Нарын облусуЖумгал району 21.05.2019 14:57

Жумгалдын Көк-Ой айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланды (тизме)

Turmush -  19-майда Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу райондук аймактык шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

11 мандаттуу айылдык кеңешке жалпы 35 талапкер ат салышкан. Көк-Ой айылындагы №4121 шайлоо участкасында 9 мандатка 30 талапкер ат салышса, №4122 Эмел шайлоо участкасында 1 мандатка 2 талапкер, ал эми №4123 Арал шайлоо участкасы боюнча 1 мандатка 5 талапкер чыкты. Байкоочулар шайлоо таза жана тынч өткөнүн билдиришти.

Талапкерлердин катарында мурдагы айыл өкмөт башчылары — Элмира Мамбетова, Зарылбек Моңошов, Ынтымак Өмүров, жогорку билимдүү жарандар жана мугалим, медайым, чабандар менен мурдагы чакырылыштарда депутат болгондор — Мурат Кыргызбаев, Дастан Кылычбек уулу, Азамат Дондолоев, Нургүл Абдиева жана жергиликтүү кеңештин мурунку төрагалары бар.

Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Көк-Ой айыл өкмөтү боюнча жалпы 1825 шайлоочу бар. Эмел участкасында 169, ал эми Арал участкасында 209 шайлоочу катталган.

Депутаттарды шайлоого №4121 шайлоо участкасындагы 738 шайлоочу катышса, Эмел участкасынан 88, ал эми Арал участкасынан 103 адам катышкан. Шайлоонун жүрүшүндө жалпы 37 бюллетень жараксыз болгон.

Шайланган депутаттардын тизмеси:

1. Абдил уулу Тыныбек 383 добуш;

2. Моңошов Зарылбек 355 добуш;

3. Кемелов Нурлан 292 добуш;

4. Жакыпов Жеңишбек 284 добуш;

5. Кадиева Венера 282 добуш;

6. Кыйбатбек уулу Эркинбек 276 добуш;

7. Сапарбеков Атайбек 259 добуш;

8. Салидин уулу Дастан 248 добуш;

9. Асанбеков Бекжан 247 добуш;

10. Чынарбек уулу Азамат 102 добуш;

11. Жолдошов Нурлан 108 добуш.

2014-жылы 7-мартта президенттин жарлыгы менен Көк-Ой айылдык кеңеши мөөнөтүнөн мурда таркап, кайрадан шайлоо 2014-жылдын 20-апрелине дайындалган. Шайланган депутаттар 2014-жылы 2-июнда айыл өкмөт башчысын шайлай албай, айылдык кеңеш 2014-жылы 1-августта таркап, кайрадан шайлоо 2014-жылдын 14-сентябрына белгиленген.

Айылдык кеңешти шайлоо сентябрь айында өтүп, 11 депутат шайланган. Андан соң 10-ноябрь айыл өкмөт башчысын шайлоо деп бекитилген. Шайланган депутаттар кайрадан айыл өкмөт башчысын шайлай албай, 2015-жылы 1-апрелде тараган. 2015-жылы 17-майда айылдык кеңешти шайлоо өткөн.

2019-жылы 19-мартта БШКнын №41 жарлыгы менен 19-май шайлоо деп белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×