Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусуАламүдүн району 21.05.2019 15:16

Кызыл-Дыйкан менен Байтикте жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланды

Turmush -  19-майда Чүй облусунун Аламүдүн жана Жайыл райондорунда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Жыйынтыгында Чүй облусу боюнча 91 талапкерден 32 депутат шайланды.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө 3 876 шайлоочу катышты. Бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 8 020 шайлоочунун 49,29 пайызын түзөт.

«Добуш берүү күнүндө талапкерлерден жана коомдук уюмдардан 64 байкоочу байкоо жүргүздү. Добуш берүүнүн жана добуштарды эсептөөнүн жүрүшүндө арыздар жана даттануулар түшкөн эмес», - деп айтылат маалыматта.

Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешине 63 талапкерден 21 депутат шайланды. Бардыгы 3 021 шайлоочу добуш берди, бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 5 705 шайлоочунун 52,95 пайызын түздү. Шайлоодо 63 байкоочу байкоо жүргүздү.

Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешине 28 талапкерден 11 депутат шайланды. Бардыгы 855 шайлоочу добуш берди. Бул шайлоочулардын тизмесине киргизилген 2 321 шайлоочунун 36,83 пайызын түзөт. 1 байкоочу байкоо жүргүзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×