Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусу, Нарын 22.05.2019 08:00

Нарын облустук китепканасына жаңы жетекчи келди

Анар Байгабатова
Анар Байгабатова

Turmush -  С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепкананын директору болуп Байгабатова Анар Казакбаевна дайындалды. Бул тууралуу аталган китепканадан аймактык кабарчыга билдиришти.

А.Байгабатова 1966-жылы Чүй облусунун Москва районунун Большевик айылында туулган. 1983-жылы Бишкек шаарындагы №5 гимназияны аяктап, ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик университетине кабыл алынып, аны 1988-жылы аяктаган. Эмгек жолун Нарын районундагы Оттук орто мектебинде баштаган. 2009-2010-жылдары Ак-Талаа райондук билим берүү борборунда окуу бөлүмүнүн башчысы, 2011-2013-жылдары китепканачы, усулчу жана бөлүм башчы болуп иштеген. 2015-жылы аталган мекеменин директорунун орун басары болуп дайындалып, 2019-жылдын май айынан бери директор болуп иштеп келген.

Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×