Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Нарын облусуАк-Талаа району 23.05.2019 08:15

Рысбек Каналиев Ак-Талаа райондук токой чарбасынын башчылыгына дайындалды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук токой чарбасынын жетекчилигине Рысбек Каналиев дайындалгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 22-май күнү жаңы дайындалган жетекчини жамаатка тааныштыруу иш-чарасына акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов баштаган бир катар мекеме-ишкана жетекчилери катышты.

Токой чарбасын буга чейин Бактыбек Эсенгулов жетектеп келген.

Каналиев Рысбек Токтоналиевич 1965-жылы 25-август күнү Терек айылында туулган. Үй-бүлөлүүү, 1 уул, 3 кыздын атасы.

Билими:

Терек айылында Калый Молдобасанов атындагы орто мектебин аяктаган. Андан соң К.И.Скрябин атындагы Айыл чарба институтунда билим алып, агроном кесибине ээ болгон.

Эмгек жолу:

- 1983-1985-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;
- 1985-1987-жылдары Ак-Талаа райондук колхоздор аралык курулуш мекемесинде куруучу;
- 1987-1995-жылдары Данов колхозунда курулуш бригадири;
- 1995-1996-жылдары Терек үрөн чарбасында бригадир;
- 1996-1998-жылдары Демократиялык жаштар коомунун төрагасы;
- 1998-2003-жылдары Байгөнчөк айылынын башчысы;
- 2003-2004-жылдары Баетов айыл өкмөтүндө салык кызматкери;
- 2004-2006-жылдары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын спорт комитети;
- 2006-2012-жылдары Терек айыл өкмөтүнүн башчысы;
- 2012-2016-жылдары Айыл чарба министрлигинин алдындагы Тогуз-Торо жана Ак-Талаа району боюнча жайыт департаментинин өкүлү;
- 2016-2018-жылдары Ак-Талаа райондук жайыттар ассоциациясынын төрагасы;
- 2018-2019-жылдары Ак-Талаа райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп эмгектенген.

Андан тышкары 1990-1995-жылдары жана 1995-2000-жылдары райондук кеңештин 2 жолку чакырылышынын депутаты, 2000-2004-жылдары Терек айылдык кеңештин депутаты болуп шайланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×