Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Баракелде, Бишкек 23.05.2019 09:57

Аба ырайы: Бүгүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы ыктымал

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 23-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Кээ бир тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×