Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Баракелде, Бишкек 23.05.2019 13:24

Шашылыш билдирүү: 25-26-май күндөрү сел жүрүшү мүмкүн

Turmush -  25-26-май күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Мындан улам жергиликтүү калктын, мекемелердин (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүүчү түтүктөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

ӨКМ бүгүн, 23-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлө тургандыгын кабарлаган.

Маалыматка караганда, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Кээ бир тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×