Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 24.05.2019 11:41

Айына 1,8 млн сом чогулткан мектептин 3 окуучусу «Алтын тамга» аттестатына татыктуу деп табылды

Turmush -  Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында жайгашкан Ч.Айтматов атындагы №1 инновациялык окуу-тарбиялоо комплекс-лицейинде канча окуучу «Алтын тамга» аттестатына татыктуу болгону белгилүү болду.

Мектептин мугалимдери билдиргендей, Сокулук району боюнча 7 окуучу «Алтын тамга» аттестатына татыктуу болсо, анын үчөө ушул мектептин бүтүрүүчүлөрү.

«Биздин Токтогазиев Ислам, Жумалиев Адилет, Бакбурканова Айжан аттуу окуучуларыбыз «Алтын тамга» аттестатына татыктуу деп табылышты. Быйылкы окуу жылында Чүй облусу боюнча 17 окуучу артыкчылык аттестатын алса, алардын жетөө Сокулук районунан. Ал эми ошол жетөөнүн ичинен үч окуучу биздин мектептин окуучулары», - деп билдиришти алар.

Сокулук боюнча жалпы 47 мектеп бар.

Буга чейин Ч.Айтматов атындагы №1 инновациялык окуу-тарбиялоо комплекс-лицейинде окуучулардан ай сайын 500 сомдон талап кылган мектеп жетекчилигине ата-энелер нааразы болушкан. Алар Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда чогулуш өткөрүшкөн.

Чогулушка айылдык кеңештин депутаттары дагы катышкан.

«Мындай акчаны берүү оор болуп, взносту 50 сомго түшүрүп берүүнү суранып жатабыз. Тилекке каршы аталган маселе чечилбей жатат. Бул мектепте 4500 окуучу окуса анын ичинен 1000 окуучу фондго акча берүү милдетинен бошотулган. Ошондо ар бир окуучудан 500 сомдон чогултканда бир айда 1 миллион 750 миң сом акча чогулат экен. Жылына 17 миллион сом болот. Бул акчалар кайда кетип жатканынан кабарыбыз жок. Мындай акчага жада калса 5 жылдын ичинде заңгыраган мектеп салса болот да», - деди ата-энелердин бири Чынара Апиева.

Мектептеги акча чогултуу боюнча тергөө иштерине байланыштуу директору Диляра Абдуллаева убактылуу кызматынан бошотулган. Анын ордуна Элнура Музаева келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×