Бөлүмдөр
Жума, 23-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 30.05.2019 16:11

Барскоон айыл өкмөтүндө жаңы башчы шайланды

Джети-Огузский район
Джети-Огузский район

Turmush -  Жети-Өгүз районундагы Барскоон айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы шайланды. Жергиликтүү кеңештин депутаттары 27-майда добуш берип, жыйынтыгында Үсөнбаев Жаныбек Акылбекович айыл өкмөт башчы болуп шайланды, деп маалымдайт Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы.

Жаңы айыл өкмөт башчы 1973-жылы 12-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында туулган. Жогорку билимдүү. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен физик окутуучу адистигин алган.

Үсөнбаев Жаныбек Акылбекович
Эмгек жолу:

- 1995-1999-жылдары – мугалим, №45 ОМ;

- 1999-2000-жылдары – К.Тыныстанов атындагы ЫМУда окуу мастери;

- 2001-2002-жылдары – Жети-Өгүз ЦЗН координатору;

- 2002-2007-жылдары – Барскоон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;

- 2007-2018-жылдары – «Хабиб Кыргызстан» фондунун Ысык-Көлдөгү директору.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×