Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Ош облусуНоокат району 04.06.2019 09:45

Нодирбек Розалиев Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы болду (өмүр баяны)

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Нодирбек Розалиев
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы Нодирбек Розалиев

Turmush -  Розалиев Нодирбек Зокиржанович Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Turmush басылмасы 27-май күнү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына шайлоо өткөнүн жазган. Аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары Мухамадали Хайдаралиевдин айтымында, мурдагы айыл өкмөт башчысы Нормухаммад Юлчиев өзү жазган арыздын негизинде кызматынан кеткен. Нодир Розалиев шайлоодо жергиликтүү кеңештеги 31 депутаттын ичинен 26 депутаттын добушуна ээ болгон. Ал мурунку айыл өкмөт башчы Н.Юлчиевдин бир тууган жээни.

Өмүр баяны:

Н.Розалиев 1988-жылы 5-июнда Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында туулган. Жогорку билимдүү. Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинен бухгалтердик талдоо, аудит жана экономист адистигин алган.

Эмгек жолу:

2007-2010-жылдары – Ноокат районунун социалдык фондунда бухгалтердин жардамчысы;

2010-2014-жылдары – «Максад» ЖАКда башкы бухгалтер;

2014-2017-жылдары – Жаңы-Ноокат айылындагы №58 кесиптик лицейинде бухгалтер;

2017-2019-жылдары – Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн салык инспекциясынын жетекчиси.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

жаңы-ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы

Буга чейин Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн айрым тургундары жаңы шайланган айыл өкмөт башчыга нааразычылыктарын билдирген. Маалыматты толугу менен бул шилтемеден окусаңыз болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×