Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 07.06.2019 19:10

Сүрөт — Ошто сүрөтчүлөрдүн 21-жолугушуусу жыйынтыкталды

Turmush -  30-май күнү Ош шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген сүрөтчүлөрдүн 21-жолугушуусу жыйынтыкталды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сүрөтчүлөрдүн жыйыны 25-майда башталып, анын алкагында «Байыркы Ош 21-кылымдын сүрөтчүлөрүнүн көзү менен» иш-чарасы уюштурулган. ТҮРКСОЙ уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Күлтегиндин айтымында, түрк тилдүү мамлекеттерден келген сүрөтчүлөр Оштун кооз жерлерин сүрөткө тартышкан.

«Жолугушуу “Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” иш-чарасынын алкагында уюштурулган. 10 өлкөдөн 12 сүрөтчү келишкен. Алар Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясынын сүрөтүн тартууга басым жасашты. Бир эле жер менен чектелип калышпасын деп сүрөтчүлөрдү Ноокат районундагы Абшыр-Ата шаркыратмасына да алып бардык. Бул сынак эмес. Иш-чарага катышканы үчүн сыйлыктар тапшырылат. Ал эми тартылган сүрөттөр “Ош шаары — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” салтанатынын жабылуу аземинде көргөзмөгө коюлат», - деди К.Күлтегин.

Аталган жолугушууга Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Түркия, Венгрия, Түндүк Кипр, Кыргызстан, Башкортостан, Якутиянын сүрөтчүлөрү келишкен.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарында эл аралык ТҮРКСОЙ уюму тарабынан уюштурулган түрк тилдүү мамлекеттердин сүрөтчүлөрүнүн 21-жолугушуусу өтүп жатканын жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×