Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусуКара-Суу району 11.06.2019 10:47 На русском

Этке мөөрдү ким басат? Кара-Суудагы турак үйдө мал союучу жай ачылган. Видео

Turmush -  Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү турак үйдө 2 жылдан бери мал союучу жай иштеп келет. Ал жактагы союлган малдын эти Ош шаарындагы жана Кара-Суу районундагы эт сатуучу дүкөндөргө жөнөтүлөт. Бирок аталган жай санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербейт, дешет жергиликтүүлөр.

Ал эми мал союучу жайдын ээси Абдибаит Юнусов мыйзам чегинде иштөөгө уруксат алганын билдирди.

«Күнүнө 2-3 бодо мал жана 5-6 кой союлат. Документтердин баары так жана туура. Төлөмдөрдү өз убагында төлөйм. Учурда мал союучу жайда 6 жумушчу иштейт. Кошуналардан каршы болбогондугу тууралуу тил кат жана суу башкармалыгынан, "Тазалыктан" уруксат кагаз алгам», - деди А.Юнусов.

Нурбек Маматалиев аталган мал союучу жайда ветеринар болуп иштейт.

«Мен мал союучу жайдын тазалыгын жана малдын ден соолугун карап, андан соң союуга уруксат берем. Союла турган малды бир нече жолу текшерип, союлгандан кийин этке мөөр басам», - деди ал.

Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун директору Ислам Абдымомунов соңку 6 айдын ичинде Ош шаарында жана облустун райондорунда бир нече оорулуу мал союлганын билдирди.

«Ош шаарында 3 лаборатория бар. Биз ошолорго гана жооптуубуз. Көчөдө же турак үйдө союлган малдарга жооп бере албайбыз. Анткени ар бир мал союучу жайда мал ветеринардын текшерүүсүнөн өтүп, андан кийин союуга уруксат берилет. Ветеринар мал союлуп жатканда да көзөмөлдөп, байкап турат. Тилекке каршы Ош шаарында 100дөй мал союлса, анын ичинен 20-30дай малдын этине гана өзүбүздүн мөөрдү басып беребиз. 3 лабораторияда 9 киши иштейт. Бул деген 9 адам гана малга мөөр басып бере алат деген сөз», - дейт Н.Абдымомунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×