Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Талас облусуБакай-Ата району 11.06.2019 11:56

Таласта акын Масалбек Шабдановдун «Алтын так» китеби жарык көрдү

Turmush -  Таласта акын Масалбек Шабдановдун «Алтын так» аттуу китеби жарык көрдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Өзүнүн айтымында, бул китептин үстүндө 2 жыл иштеген.

«Бул китепте 2 жылдык эмгегим топтолгон. Китепти Ч.Айтматовдун жаркын элесине арнадым. Бул 11-китебим», - деди ал.

Масалбек Шабданов 1944-жылы Бакай-Ата районундагы Маданият айылында туулган. 1996-жылдан бери КРнын Жазуучулар союзунун мүчөсү. Буга чейин «Көрүндүк», «Өмүр ыйы», «Күн кечүүсүндөгү кездешүүлөр», «Бакай-Ата таланттары», «Кайыптар аралында», «Жүрөктөгү жазуулар» деген китептери чыккан. «Аталарга», «Үрмарал», «Алыкулга», «Мага жолуктуң кечигип» сыяктуу 12 ырына обон чыгарылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×